«Ишкер аялдардын өз укуктарын жакшы билиши абдан маанилүү» – Сергей Пономарев
Сергей Пономарев дээрлик 30 жылдан бери ишкерчилик чөйрөдө, анын ичинде 20 жыл – бизнестин укугун коргоо жаатында иштеп келет. Биз эксперт менен Кыргызстанда аялдардын ишкерлиги кантип өнүгүп жатканын, аялдар өздөрүнүн укуктарын канчалык жакшы билээрин жана бизнес үчүн дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бардыгы жөнүндө сүйлөштүк.
Аялдар ишкерлиги өткөн кылымдын 90-жылдары каатчылык мезгилде калыптана баштаган, анда кээ бир эркек кишилер жумушсүз калып, эртеңки күнгө ишенимин жоготкон учурда аялдар үй-бүлө үчүн жоопкерчиликти колго алып, соода кыла башташканын эксперт эске салат. Ал эми «Дордой» базарындагы «Соодагер эмгекчилер» деп аталган скульптурада эки аялдын жана бир эркектин элеси камтылганы дагы жөн жерден эмес.
«Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары чакан бизнестеги өз ара катыш ушундай болгон. Балким бүгүнкү жагдай дагы ушундай болушу мүмкүн. Ошол жылдардын рынок экономикасы баарына мыкты сабак болду. Көптөгөн аялдар базардан иштеп тапкан капиталын ресторандык, туристтик, тигүүчүлүк бизнеске салышты. Мисалы жеңил өнөр жайында негизинен аялдар иштейт, биздин өлкөдө бул тармакта жалпы 200 миңге жакын адам эмгектенет. Аялдар банк тармагында жана камсыздандыруу чөйрөсүндө дагы иштеп жатат», - дейт эксперт.
Бизнес-омбудсмен институтундагы иш тажрыйбасы тууралуу айтып берип жатып, ал компаниялардын жетекчи аялдары көз карандысыз уюмга да укуктук жардам сурап кайрылганын айтат.
«Бизнесте «өз инвестицияңды коргош керек» деген маанилүү эреже бар. Эгерде сиз бир ишке акча, убакыт, күч-аракет жумшап, бирок инвестицияңыз корголбосо, анда сиз аны жоготушуңуз мүмкүн. Ошондуктан биздин аялдардын өз укуктарын билгени абдан маанилүү. Бул үчүн көптөгөн укук коргоо уюмдары, бизнес-ассоциациялар бар, аларга аралашып, байланыш түзүп, кошумча тажрыйба топтоп жана толук түрдө укуктук колдоо алыш үчүн мүчө болуп кирүүгө болот. Тилекке каршы, азырынча Кыргызстан ишкананы аял же эркек башкарганына карабастан бизнестин укугун коргоо жаатындагы олуттуу ийгиликтери менен мактана албайт. «Бизде бизнес кылуу жеңил, телефон чалуу укугу көбүрөөк иштейт, ал эми патриархалдык чөйрө сүйлөшүүлөр жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу», - деген көз караш бар. Кээде чектен чыгып кетүүлөр болот, бирок убакыттын өтүшү менен алар толук жоюлат жана ошондо бардыгы бирдей укукка ээ болот», - дейт Сергей Пономарев.
Анын айтымында, өз алдынча иш ачуу дайыма жеңил болбойт, бирок бул максат ишке ашпайт дегенди билдирбейт. Лидер-аялдар муну иш жүзүндө далилдеп жатышат – биздин өлкөдө жыл сайын аялдар жетектеген ишканалардын саны өсүүдө.
«Негизинне бизде бизнес ачууга мүмкүнчүлүк абдан жетиштүү. Ал эми өлкөдө жеке байланыштар жок бизнес жасоого болбойт деген түшүнүк туура эмес. Бүгүнкү күнү кыргызстандык ишкерлер Ата мекенинде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы нөлдөн баштап, көп миллиондук каражат жүгүрткөн компанияларды түзүп жатышат. Мындай жакшы мисалдарды угуу дайыма жагымдуу», - дейт ал.
Ишкер-аялдар дагы кандай тармактарда ийгиликтүү иштей алат? - деген суроого эксперт туризм тармагына көңүл буруу керектигин белгилейт.
«Эгерде мамлекет макроэкономикалык мыйзамдар жана экономикалык сегмент деңгээлинде соода тармагы сыяктуу ашыгы менен толгон тармактарды аныктаса жакшы болмок. Мында кимдир бирөөлөр сөзсүз жабыр тартат. Бирок бош тармактар дагы бар, биринчи кезекте бул туристтик багыт. Туризм – бул жөн гана мейманкана эмес. Бул тармакта транспорттук комплекстен тартып, кеңири кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө чейинки мыкты инфратүзүм түптөлгөн жана менимче бул тармак жүз пайыз ээлене элек. Бирок кандай долбоор болбосун, ал жакка каражат салуудан мурда өзүңдүн ишкерлик сунуштарыңды аныктоо, ички жана тышкы чөйрөнү изилдөө жана атаандаштардын күчтүү жактарына талдоо жүргүзүү зарыл, ал эми ишке киришкенден кийин өз күчүңө ишенишиң керек», - деп Сергей Пономарев сөзүн жыйынтыктады.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бизнестеги аялдар» насаатчылык программасы Cherie Blair Foundation for Women менен өнөктөштүктө #WeFi Аялдардын ишкердигин колдоо фондунун колдоосу, Швейцариянын Өкмөтү аркылуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Чакан Бизнес Фонду (Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБ жана АКШ Техникалык Кызматташтык Бизнес Фонду) менен ишке ашырылууда.