Kyrgyz Concept Американын соода палатасынын мүчөсү болду

Кыргызстандагы эң ири туристтик компания Kyrgyz Concept расмий түрдө Американын соода палатасынын (AmCham) жаңы мүчөсү болду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Kyrgyz Concept 1990-жылдан бери пайда болуп, андан бери 33 жылдын ичинде 2.3 млн кардарга кызмат көрсөткөн.

Учурда Kyrgyz Concept Бишкекте алты, Ошто эки кеңсе, Алматы жана Прагада өкүлчүлүгү бар.