Сочидеги «Евразия – биздин үйүбүз» көргөзмөсүндө 30 кыргызстандык ишкана катышууда

Сочиде кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн катышуусунда «Евразия биздин үйүбүз» көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Кыргызстанда жасалган» улуттук көргөзмө стенддери даярдалган. Бул көргөзмө ЕАЭБдин алкагында конкреттүү жетишкендиктерди жана иштеп чыгууларды көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.

Ошол эле учурда КРнан өнөр жай, тамак-аш, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү 30дан ашык ишканалар, ошондой эле текстиль жана тигүү өнөр жайынын компаниялары катышууда.