КРУБ үч банктын жетекчилигине талапкерлерине макулдугун берди

Улуттук банк «Бай-Тушум» банкы ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Улан Базаркуловдун талапкерлигине 2023-жылдын 6-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды.

Ошондой эле, Кызырбек Жеенбековдун «РСК банкы» ААКтын шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна талапкерлигине макулдук берилди.

КРнын Улуттук банкы «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАКнын тарабынан директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Жылдызбек Исакуловдун талапкерлигине макулдук берилди.