> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Ригадагы бизнес-форумга катышты
- URL: https://im.kg/biznes/2023/06/14/kyrghyzstan-righadaghy-biznies-forumgha-katyshty/
- Published: 2023-06-14T06:25:45.000Z
- Updated: 2023-06-14T06:25:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 13-июнунда Рига шаарында (Латвия) «Борбордук Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү» бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.**

Бизнес-форумдун алкагында алдыңкы латвиялык компаниялар, потенциалдуу өнөктөштөр, импортерлор жана дистрибьюторлор, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автотранспорттук ассоциациялары менен B2B жана B2G жолугушуулары өткөрүлдү.

Латвиялык дистрибьюторлор Кыргызстандан азык-түлүктөрдү алып келүүгө кызыкдар. Бул форумга КРнан 10 компаниядан турган делегация, тамак-аш өндүрүүчүлөр, ошондой эле логистикалык компаниялар катышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/353619372_565457135776209_5335452454886434168_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/353622290_565457062442883_7944402390252333347_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/353860161_565457339109522_1984211986551478106_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/353742013_565457192442870_9001554132038673654_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347237572_565457282442861_9213007341504863429_n-1.jpg)