Кыргызстан Ригадагы бизнес-форумга катышты

2023-жылдын 13-июнунда Рига шаарында (Латвия) «Борбордук Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү» бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Бизнес-форумдун алкагында алдыңкы латвиялык компаниялар, потенциалдуу өнөктөштөр, импортерлор жана дистрибьюторлор, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автотранспорттук ассоциациялары менен B2B жана B2G жолугушуулары өткөрүлдү.

Латвиялык дистрибьюторлор Кыргызстандан азык-түлүктөрдү алып келүүгө кызыкдар. Бул форумга КРнан 10 компаниядан турган делегация, тамак-аш өндүрүүчүлөр, ошондой эле логистикалык компаниялар катышты.