2023-жылдын башынан бери 14.5 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү

2023-жылдын башынан бери сатып алуучу уюмдар мамлекеттик сатып алуулар порталында жалпы суммасы 15.5 млрд сомго 101 675 товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алууну жарыялашкан. Статистикалык маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.

Такталгандай, анын ичинен 99 330 сатып алуу ийгиликтүү аяктап 14.5 млрд сомду түздү.

Анын ичинен 9.1 млрд сомдук товарлар, 4.2 млрд сомдук жумуштар, 1.1 млрд сомдук кызмат көрсөтүүлөр жана 90 млн сомдук консультациялык кызмат көрсөтүүлөр.