8 миңдей кыргызстандык ишкерлер Wildberries платформасына катталды

Wildberries платформасында 2022-жылы кыргызстандык ишкерлердин саны 8 миңге жетти. Бул тууралуу тегерек столдо ЕЭКтин Бажы тарифи жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Аскат Беков билдирди.

Анын айтымында, ишкерлердин санынын өсүшү өлкөдө санариптик коммерциянын өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат.

Беков тактагандай, ата мекендик ишкерлер соода кылган негизги товарлардын катарын бут кийим, косметика жана үйгө керектүү үй-тиричилик буюмдары түзөт.