Казакстан чек арада тоскоолдуктарды жаратууну улантууда - Жүк ташуучулар ассоциациясы

Казакстан кыргызстандык жүк ташуучуларына чек арада тоскоолдуктарды түзүүнү улантууда. Көйгөйдү 20-июнда Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубев «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода-транзиттик потенциалын ишке ашыруунун стратегиялык багыты катары транспорттук коридорлорду өнүктүрүү» аттуу тегерек столдо билдирди.

Голубев белгилегендей, учурда навигациялык пломбалар боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылып жатат, ал эки айдан кийин аяктайт. Ал бул долбоордун мындан ары да иштөөсүнө күмөн санайт.

«Казакстан тоскоолдуктарды коюуну улантууда. Навигация пломбалары илинип турганы менен Россия дагы биздин унааларды токтоткон учурлар бар. Мен кандайдыр бир убада алгым келет, анткени коңшу мамлекет тосколдуктарды коюп жатат. Европанын тарабынан да санкциялар бар. Бул маселе чечилбесе, биз четте калабыз», - деп кооптонууда бирикменин жетекчиси.

Экономика министринин орун басары Назарбек Малаев Кыргызстан азыр бул маселени көтөрүп, казак тарап менен талкуулап жатат деп жооп берди.