Түрк жана араб инвесторлору Ош облусунда бизнес долбоорлору менен таанышышты

2023-жылдын 19-июнунда Ошто түрк жана араб инвесторлору менен жергиликтүү ишкерлердин бизнес-пландарын талкуулоо болуп өттү. Бул тууралуу «Кыргызиндустрия» ААКнын маалымат кызматы кабарлады.

«Кыргызиндустрия» ААКнын түштүк аймактары боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Базарбай Айдаралиев түрк-араб соода-коммерциялык уюмунун директорлор кеңешинин төрагасы Басам Фахд Тунаян Аль-Ганим менен жолугушууда Ош облусунун ишкерлери тарабынан иштелип чыккан бир катар бизнес-пландар менен тааныштырды.

Презентациянын жүрүшүндө инвесторлор 2023-жылдын август айында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү бизнес-форумга катышууга чакырылды.

Басам Фахд Тунаян Аль - Ганим катышуучуларды түрк жана араб инвесторлоруна сунушталган долбоорлор тууралуу ынанымдуу маалымат ала тургандыгына ишендирди. Бул Ош облусунун ишкерлери менен Түркия жана Араб өлкөлөрүнөн келген инвесторлордун натыйжалуу өнөктөштүгү жана кызматташуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.