Ош шаарында «Мыкты бизнес айымдар» форуму өтөт
Ош шаарында 3-июлда «Мыкты бизнес айымдар» форуму өтөт. Бул тууралуу Accelerate Prosperity уюму билдирди.
Такталгандай, форумга 200дөй ишкердин катышуусу күтүлүүдө. «Women CUP: Мыкты бизнес айымдар» форуму аялдарды ишкерликке колдоо, аларды өз бизнесин баштоого шыктандыруу жана бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган. Форумда спикерлер, өз тармагынын адистери катышуучуларга ийгиликке жетүү жолдору, максатка жетүү жолундагы кыйынчылыктар жана бул кыйынчылыктар менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдору тууралуу айтып беришет.
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында инкубатордо билим алган бардык 27 Women CUP катышуучулары кыска презентация жасашат.
Формуга шилтеме аркылуу катталсаңыз болот.