Кыргызстанда ишкерлерге инвесторлорду табууга жардам бере турган платформасы түзүлөт

Соода-өнөр жай палатасы жана аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар ишкерлерге инвесторлорду, кардарларды жана өнөктөштөрдү табууга жардам бере турган платформа түзүүнү пландаштырууда. Ошондой эле кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу максатында бизнес-семинарларды жана окутуу программаларын уюштуруу каралган.

Кызматташтыктын алкагында көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алмашуу жүргүзүлөт. Биргелешкен жолугушууларды, дискуссияларды, кеңешмелерди, презентацияларды жана тегерек столдорду өткөрүү пландаштырылууда, алар эки тараптын тең өз ара кызыкчылыктарына өбөлгө түзөт.