> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди
- URL: https://im.kg/biznes/2023/06/27/bishkiektie-bir-aiyl-bir-produkt-dolboorun-ishkie-ashyruu-plany-biekitildi/
- Published: 2023-06-27T07:40:10.000Z
- Updated: 2023-06-27T07:40:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектин мэриясы борбор калаада «Бир айыл – бир продукт» элдик экономикалык (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.**

> Иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды камтыйт, инвесторлорду жана ишкерлерди БАБП маркасындагы продукцияларды өндүрүү жана аларды ички жана эл аралык рынокто сатууга тартуу, ошондой эле БАБП маркасындагы продукцияны өлкөнүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий иш-чараларында колдонуу.