Бишкекте «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди
Бишкектин мэриясы борбор калаада «Бир айыл – бир продукт» элдик экономикалык (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан.
Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды камтыйт, инвесторлорду жана ишкерлерди БАБП маркасындагы продукцияларды өндүрүү жана аларды ички жана эл аралык рынокто сатууга тартуу, ошондой эле БАБП маркасындагы продукцияны өлкөнүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий иш-чараларында колдонуу.