Кедей өлкө синдромунан арылдык – Акылбек Жапаров

Кыргызстан бардык стереотиптерди талкалай алды – «кедей өлкө синдромунан арылды». Бул тууралуу Креативдүү индустриялар паркынын расмий ачылышынын салтанаттуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

«Кыргызстан эмне кыла алат дегенди бүт дүйнөгө далилдей алды: биздин өлкөгө карата бардык стереотиптерди талкалай алдык – «кедей өлкө синдромунан арылдык», - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, учурда Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн кийинки этабына активдүү өтүп жатат, анда өлкө калкынын 50%га жакыны жаштар.

«Креатив прогресстин кыймылдаткычы. Ушул күндөн баштап биз Кыргызстандын бардык аймактарынан гана эмес, дүйнөнүн бардык бурчунан таланттуу, чыгармачыл, идеяларга жана энергияга толгон жаратуучуларды бириктире турган Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү менен байланышкан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн жаркын жана келечектүү этабын баштайбыз.  Жыл бою мамлекетибиз чыгармачыл тармактардын өкүлдөрү менен бир командада Кыргызстанда «креативдик бурулуш» жасап жатат», - деди Акылбек Жапаров.