Тамчынын аэропортуна Оштон биринчи туристтик рейс учуп келди

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын 30-июнунда Tez Jet авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти.  

Каттамдар жумасына 6 жолу - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин каттайт.