Алтайлык ишкерлер Кыргызстан менен этникалык стилде дизайнердик кийимдерди тигүүгө кызыкдар

Алтайлык ишкерлер Кыргызстан менен этникалык стилде дизайнердик кийимдерди тигүүгө кызыкдар. Бул демилге тууралуу КРнын башкы консулу Айдар Айдарбеков Алтайдын Мамлекеттик жыйынынын төрагасынын орун басары Герман Чепкин менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Тышкы иштер министрилиги кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Алтайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, сооданын көлөмүн көбөйтүү жана продукцияны өз ара жеткирүү боюнча маселелердин кеңири багытта талкуу болду.

Алтайлык ишкерлер КРнын текстиль өнөр жайынын жигердүү өнүгүп жаткан сектору менен тажрыйба алмашууга, этникалык стилде дизайнердик кийимдерди тигүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле өнүккөн мал чарба тармагын эске алуу менен ири жана майда малдын терилерин жана жүндү кайра иштетүү боюнча биргелешкен иш-чараларга кызыкдар экендигин билдиришти.

Ошондой эле, тараптар ортосундагы маданият, соода жана билим берүү тармагындагы аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.