> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атада «Ысык-Көл-2023» VII эл аралык экономикалык форуму өтөт
- URL: https://im.kg/biznes/2023/07/03/cholpon-atada-ysyk-kol-2023-vii-el-aralyk-ekonomikalyk-forumu-otot/
- Published: 2023-07-03T05:05:59.000Z
- Updated: 2023-07-03T05:05:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 27-июлунда Чолпон-Атанын «Рух Ордо» этно-маданий борборунда «Ысык-Көл-2023» VII Эл аралык экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялык агенттиги билдирди.**

Форум Кыргызстан менен Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын жана башка бир катар мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн аянтча болот, ал келечекте кызыктуу долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт. 

Форум энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инженерия), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу тармактардагы кызматташуу боюнча маселесин камтыйт.

Бардык суроолор боюнча ишкерлер төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 0312300232; +996222012000\. Каттоо [шилтемеси](https://forms.gle/PdDELyweruGC9uKUA).