Ош облусунун жетекчилери Алтайдагы агроөнөр жай форумуна катышты

2023-жылдын 28-июнунда Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Алтай крайынын Барнаул шаарында өткөн «День сибирского поля» региондор аралык агроөнөр жай форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Форумдун алкагында Кыргызстан менен Алтай аймагынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана айыл чарба тармактары боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 2011-жылдын 23-мартындагы Ош облусу менен Алтай крайынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимин ишке ашыруу боюнча 2023-2025-жылдарга иш-чаралар планына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: Региондор аралык «День сибирского поля» агроөнөр жай форуму Сибирдеги эле эмес, бүтүндөй Россиядагы ири тармактык иш-чаралардын бири болуп саналат, анын милдети айыл чарба тармагында заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди илгерилетүү. Форумга 330дан ашык компания жана айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр катышты.