2023-жылдын башынан бери Кепилдик фонд ишкерлерге 1 млрд 631 млн сомдон ашык суммага кепилдик берилген

2023-жылдын башынан бери жана 3-июлга карата Кепилдик фонду тарабынан ишкерлерге күрөөнүн жетишпеген суммасын жабуу үчүн 1 миллиард 631 миллион сомдон ашык суммага 2925 кепилдик берилген. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Мунун эсебинен ишкерлер 4 млрд 105 млн сомдон ашык кредит ала алышты. Жалпысынан Кепилдик фонду ишмердүүлүгүн баштагандан бери ата мекендик ишкерлерге 6 миң 355 кепилдик берип, анын суммасы 6 млрд 927 млн сомдон ашты.

Өнөктөш банктар Кепилдик фонддун колдоосу менен 22 млрд 114 млн сомдон ашык кредит беришти.