MEGA кайрадан сатыкка коюлду – баштапкы баасы 14.6 млрд сомду түздү

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду «Альфа Телекомду» (MEGA уюлдук оператору) кайрадан сатыкка койду. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, аукционго катышуу үчүн документтер июлда башталып октябрга чейин созулат. Ишкананын баштапкы баасы 14.6 млрд сомду түздү.

Аукцион электрондук форматта өткөрүлөт. Башталышы 2-октябрда. Аукциондун шарттары менен шилтеме аркылуу танышса болот.