Энергетика министри ЭКБ ассоциациялары менен жолукту

Энергетика министрлиги Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ички жана тышкы инвесторлор тарабынан энергетика тармагына инвестицияларды тартуу максатында жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтик кабарлады.

Жыйынга 70тен ашык компаниянын өкүлдөрү катышты. Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча алектенген жеке ишкерлер менен суроо-жооп форматындагы мындай жолугушуу экинчи жолу энергетика министринин демилгеси менен уюштурулду.

Жыйындын негизги максаты Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, инвесторлор менен иш алып баруу учурунда жаралган айрым маселелерди (жер, суу, күрөө) чечүү, ЭКБ боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча ЭКБнын ассоциацияларына жана субъекттерине түшүндүрүү жана инвесторлорго шарт түзүп берүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, Чакан ГЭС курам деп жаратылышка зыян келтирип албоону эскертти.

Министр Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча обьектилерди куруу үчүн ишки жана тышкы инвесторлор менен байма-бай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ЭКБны Кыргызстанда тезинен өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлердин көпчүлүк маселеси чечилгенин жана айрым чечиле элек көйгөйлүү маселелерин чечүү зарыл экенин билдирди.