> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ырчы Айбек Карымов органикалык дыйканчылык менен иштегенин тастыктаган күбөлүгүн алды
- URL: https://im.kg/biznes/2023/07/05/yrchy-aibiek-karymov-orghanikalyk-dyikanchylyk-mienien-ishtieghienin-tastyktaghan-kubolughun-aldy/
- Published: 2023-07-05T10:15:26.000Z
- Updated: 2023-07-05T10:15:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Ырчы Айбек Карымов органикалык дыйканчылык менен иштегенин тастыктаган күбөлүгүн алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Органикалык айыл чарба департаменти кабарлады.**

Такталгандай, Органикалык айыл чарба департаменти фермерлерге органикалык дыйканчылыкка өткөндүгүн тастыктоочу күбөлүктөрдү берет. 

> «Бул күбөлүк органикалык дыйканчылык менен иштегендерге берилет. КРнын эмгек синирген артисти Айбек Карымов органикалык биогумус менен иштеп келет жана департаменттин органикалык пилоттук чарбасына катталды», - деп мекеме белгиледи.