JIA ассоциациясы бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча өкмөткө сунуштарын берди

JIA бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту.

Ассоциациянын жетекчиси Жоодар Омошов бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштарын берди:

Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүгө сунуштар:

• аз камсыз болгон жарандарга көмүр (көбүнчө арзан жана сапатсыз) сатып алууга бөлүнгөн субсидияларды жашыл технологияларды сатып алууга алмаштыруу;

• үйлөрдү жылуулоо үчүн субсидияларды берүү;

• жашыл технологияларды жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

• салыктан бошотуу.

Электр транспорттун өнүгүүсүнө шарттарды түзүү:

• электр транспорту жана заряддоо инфраструктурасы үчүн ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу;

• электр заряддоочу станцияларды курууга лицензия берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

• электр транспортторду Кыргызстанга алымсыз (без пошлина) алып кирүү убактысын узартуу, 2023 – жылы б\тът;

Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү:

• аткезчилик менен күрөшүү;

• ишкерлер менен коммуникацияны эң жогорку денгелге чыгаруу;

• мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү.

Жаңы рынокторду табуу:

• ички өндүрүштү өнүктүрүү;

• экспортту жана жумушчу күчтү диверсификациялоо;

• Кытай-Кыргыз-Өзбекстан Темир Жолун ишке ашыруу.

Региондорго көңүл буруу. Бул багыттагы негизги көйгөйлөр:

• каржы маселесин чечүү;

• Дүйнөлүк банктын ишкерлерди колдоого берген пайызсыз кредиттери ишке жакшы ашпай жатат;

• ишкерлерди окутуу.

Ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдөн коргоо.