Өкмөт ишкерлерди керектүү учурда колдогоо даярдыгын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы бул жолугушуунун негизги максаты болуп жаткан көйгөйлөрдү жана сунуштарды талкуулоо экенин белгиледи.

«Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карабастан, акыркы эки жылда өлкөбүздө экономикалык өсүштүн жогорку темпи байкалууда, ага ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн салымы бар. Ар бир экономиканын кыймылдаткыч күчү ишкерлер экенин баарыбыз билебиз. Сиздердин ишканалар иш орундарын түзөт жана экономикалык өсүштү камсыздайт. Андыктан, министрлер кабинети сиздерде кандай көйгөйлөр бар экенин жана бул процессти жеңилдетүү, ошондой эле жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү үчүн мамлекет тарабынан кандай чараларды көрө алаарын билүү маанилүү», - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн «мүмкүн болушунча ачык болууга» чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан агроөнөр жай комплексин, электрондук коммерцияны, санариптик кызматты, энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча ишкерлик кылгандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган бир катар сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, бизнес өкүлдөрү тарабынан айтылган негизги маселелердин бири эмгек рыногунда компетенттүү адистердин жетишсиздиги жана негизинен кадр маселеси болду.