Түркиялык куруучулардын прокуратура жана сот имараттарын курулушуна тиешеси жок – Бишкек прокуратурасы

Бүгүн, 6-июлда Түркиянын КРдагы элчилигинин жанында нааразылык акциясын өткөргөн түрк куруучулардын прокуратура жана сот имараттарын курулушуна эч кандай тиешеси жок. Прокуратура үчүн мындай имараттар азырынча курулган жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын прокуратурасынан билдиришти.

«КР мамлекети тарабынан соттун жана прокуратуранын имараттарын куруу үчүн Түркиянын жарандары чакырылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Маалымат катары, бул объекттин курулушуна прокуратура жана соттордун эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз», - деп билдирди прокуратура.

Куруучулар менен сүйлөшкөн котормочу кошумчалагандай, чет элдик жарандарга Кыргызстанга келген максаты тууралуу туура эмес маалымат берилген.

«Аларга прокурорлор жана соттор үчүн имараттарды курасынар деп айтышкан. Бирок бул чындыкка коошпойт. Аларды «Мега строй кг» деген компания чакырган», — деди котормочу.