Улуттук банк үч банктын жетекчилигине талапкерлерге макулдугун берди

Улуттук банк үч банктын жетекчилигине талапкерлерине макулдугун берди. Бул тууралуу мекеменен маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Айыл банк» ААКтын аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Назгуль Алакованын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы/аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат орундарына сунушталган Максатбек Ишенбаевге макулдук берилди.  

«РСК банкы» ААКтын башкарманын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Уланбек Ногаевдин макулдук берүү чечимин кабыл алды.