Россельхознадзордун тыюу салуусунан "Куликовский" Россияга балмуздактарын жеткире албай жатат

Россельхознадзор Кыргызстандан сүт азыктарын алып келүүгө тыюу салгандыктан, "Куликовский" кондитердик үйү балмуздактын айрым түрлөрүн Россиядагы филиалдарына жеткире албай жатат. Бул маалыматты Economist.kg басылмасына ишкананын маалымат кызматы тастыктады.

Куликовскийдин өкүлдөрүнүн айтымында, балмуздактын айрым түрлөрүнө, тагыраак айтканда, балмуздак жана каймакка тыюу салынган. Ошол эле учурда завод Россияга сорбеттерин жеткирүүнү улантууда.

Бул тыюу салуудан улам соода азайып калганын компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Бирок компания жоготуулардын так суммасын ачыктаган жок.

Эске салсак, Россельхознадзор 21-апрелде Кыргызстандын бардык ишканаларынан Россияга сүт азыктарын ташууга тыюу салган. АӨК Ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев мындай тыюу салуулар ЕАЭБ мыйзамдарынын бардык принциптерине каршы келерин билдирген болчу.