Бишкекте сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

2023-жылдын 7-июлунда Бишкекте Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп, анда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ишинин жыйынтыктары каралды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Кеңештин жыйынын жүрүшүндө төмөнкү маалыматтар угулду:

· 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында катчылыктын аткарган иштери тууралуу маалымат;

· Бажы кызматы менен КРнын мамлекеттик контролдоочу органдарынын ортосунда алдын ала маалымат алмашуу системасын өнүктүрүү долбоору жөнүндө маалымат;

· Достук-Дустлик постунда кезекти башкаруунун электрондук тутумун киргизүү жөнүндө маалымат;

· КРдагы чыгарылыш убактысынын экинчи изилдөөсү жөнүндө маалымат.