«Евразиялык cактык банкынын» жетекчилигине талапкерлер макулдашылды

Улуттук банк «Евразиялык cактык банкы» ААКнын жетекчилигине талапкерлерине макулдугун берди.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк «Евразиялык сактык банкы» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна Азаматбек Абдыбековдун талапкерлигине макулдук берди. Ушул эле банктын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Нурдин Лайлиевдин талапкерлиги макулдашылды.

Андан сырткары, «ФинансКредитБанк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуларына Санджар Сарбановду макулдук берүү чечимин кабыл алынды.