Кыргызстандын «ИННОПРОМ-2023» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө биринчи жолу катышуусу – фотоотчет

Кыргызстандын делегациясы2023-жылдын 10-июлунан 13-июлга чейин Екатеринбургда «ИННОПРОМ-2023» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын павильонундагы продукциялар ата мекендик 15 компания тарабынан сунушталып, өнөр жай, курулуш, тигүү, текстиль жана башка товарлардын кеңири ассортиментин камтыды.

Көргөзмөнүн алкагында кыргыз делегациясы КРнын мамлекеттик органдары, бир катар кызыкдар ишкерлери жана ошондой эле көргөзмөгө катышкан чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.