Күзүндө кыргызстандык жана грузиялык туристтик компаниялар менен роуд-шоу өткөрүлөт

КРнын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен туризм администрациясынын башчысы Майя Омиадзенин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында күзүндө кыргызстандык жана грузиялык туристтик компаниялардын катышуулары менен Роуд-шоу өткөрүү макулдашылды.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.