«Кыргызиндустрия» Италия-Россия соода палатасынын делегациясы менен жолугушту

2023-жылдын 13-июлунда «Кыргызиндустрия» ААК Италия-Россия соода палатасынын делегациясы менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда айыл чарба жана кен казуу тармактарында эки тараптуу кызматташуунун келечеги, инвестициялар жана «Кыргызиндустрия» ААКнын туунду компаниялары үчүн жабдууларды берүү маселеси талкууланды.

«Кыргызиндустрия» ААКнын президенти лизингдик операциялар чөйрөсүндө кызматташтыкты баштоого кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтык маселесин чечүү үчүн такай байланышып турууга макулдашышты.