Оштун мэриясы мыйзамсыз курулуштарды токтотту – даректер
Ош шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулган имараттарды, анын ичинде уруксат кагаздары жок курулган көп кабаттуу үйлөрдү көзөмөлгө алган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы эскертти.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда архитектура жана шаардык мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы шаардын аймагында жайгашкан алты өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткан төмөнкү даректердеги курулуштарды аныктап, аларга эскертме берилип, курулуш иштери токтотулган.
Алар:
· «Алтын Строй» ЖЧК Курманжан-Датка менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк-чыгыш тарабы;
· «Сулайман Групп» ЖЧК Курманжан-Датка менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк-батыш тарабы;
· «Бизнес Хаус КЖ» ЖЧК Памир Тракт көчөсү;
· «Абраж Резиденс» ЖЧК Ленин көчөсү 160;
· «Бизнес Хаус» ЖЧК Монуев көчөсү;
· «Бийиктик Курулуш» ЖЧК Н.Исанов 26.