Салык кызматынын маалыматтык системасында төрт күн техникалык иштер жүргүзүлөт

Салык кызматынын маалыматтык системаларында 2023-жылдын 16-июлунда саат 18:00дөн 17-июлдун саат 06:00гө чейин жана 23-июлда 18:00дөн 24-июлдун саат 06:00гө чейин техникалык иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу, «Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз» модулу, ошондой эле атайын операторлордон отчетторду кабыл алуу боюнча сервистер жана башкалар убактылуу жеткиликсиз болот.

Техникалык иштер маалыматтык системаларындагы процесстерди оптималдаштыруу жана иштин сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.

Ошондой эле, «Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз» модулунун ишин жакшыртуунун алкагында таризделген документтер жана модулдагы иш-аракеттер боюнча товарларды эсепке алууну контролдоо ишке киргизилерин маалымдайбыз.

Техникалык каталар же товарлардын маанилеринде айырмачылыктар табылган учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн техникалык жана консультациялык колдоо кызматына төмөнкү номерлер боюнча кайрылууну өтүнөбүз: (0221) 00-01-16, (0776) 00-01-16, (0508) 99-66-69, (0997) 00-01-16, (0755) 00-01-16 (Telegram, Whatsapp) жана (0312) 61-01-67.