Кыргызстандык жана германиялык ишкерлер В2В жолугушууларды өткөрдү

2023-жылдын 15-июлунда күнү кыргыз-немис B2B жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу JIA Ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны JIA башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Мэлс Эркинбек жана Андреас Ройхляйн Бавариянын экономика, Аймактык өнүгүү жана энергетика министрлиги ачып берди.

JIA мүчөлөрү менен немис ишканаларынын өкүлдөрүнүн ортосунда нетворкинг болуп, ишкерлер өз компаниялары тууралуу маалымат алмашып, жаңы таанышууларга ээ болушту.