Жыл башынан бери банктардын кредиттерин долларлаштыруу деңгээли 21.7%га чейин төмөндөгөн – Улуттук банк

Коммерциялык банктардын кредиттерин долларлаштыруу деңгээли 6 айдын жыйынтыгы боюнча 21.7%га чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев «Кабар» агенттиги менен маек куруп, айтып берди.

Анын айтымында, жыл башынан бери банктардын жалпы кредит портфели 2023-жылдын июнь айынын акырына карата 11.9%га көбөйүп, 228.4 млрд сомду түзгөн.

«Мындан тышкары, 2023-жылдын июнь айынын акырына карата коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көлөмү жыл башынан бери 14.5%га көбөйүү менен 387.9 млрд сомду түздү. Банктардын уставдык капиталы 2023-жылдын башынан бери 44.2 млрд сомдон 51 млрд сомго чейин көбөйдү», - деди Бөкөнтаев.