Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ишкерлерди Бишкекте бала бакчаларды курууга чакырды

Бишкектин мэриясы Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте мектепке чейинки мекемелерди куруу боюнча МЖӨ долбоорун ишке ашырууга өнөктөштөрдү чакырат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга Бишкектин калктуу конуштарында жер участоктору аныкталган:

• «Кара-Жыгач» (Исакеева көчөсү) жер аянты – 0.34 га;

• «Арча-Бешик» (Садыбакасов көч./Кызыл-Адыр көч.) жер аянты – 0.28 га.

Кызыкдар тараптар төмөнкү даректер аркылуу кайрылуу зарыл Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы МЖӨ борбору: Бишкек ш., көч. Исанов 87; тел. +996 880 200 800, 0312 61 11 29 (30). E-mail: center@ppp.gov.kg

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги: көч. Жибек-Жолу 328. Тел.: 0312 660946; 0312 660829. E-mail: dei@meria.kg.