Кыргызстанда бизнести жакшыртуу жаатындагы мыйзамдар талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, бизнес жаатындагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда  тыгыз кызматташуу сындуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанда бизнес багытындагы локомотив мекемеге айланышы керектигин белгиледи.

«Буга чейин коомчулукта палатага карата бир топ сын-пикирлер айтылып келген. Жетекчиликке сиздин келишиңиз менен ири реформалар башталып, өнүгүү болот деген ишеничтемин. Палата мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштеп, сырттан келген инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүсү зарыл. Жогорку Кеңеш Соода-өнөр жай палатасы менен тиешелүү мыйзамдарды кабыл алууда кызматташууга даяр»,- деди төраганын орун басары.  

Соода-өнөр жай палатасы – Кыргызстандагы ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм, курамында азыр 1400дөй ишкана-фирма бар.