Кыргызстан Starlink компаниясына интернет кызматын көрсөтүүгө лицензиясын берүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда Starlink спутниктик интернет системасына кирүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы колдонуучуларды, атап айтканда, жалпы билим берүүчү мектептерди жана мамлекеттик мекемелерди интернетке жеткирүү үчүн Starlink технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Отурумдун жыйынтыгында Байсалов Кыргызстан Starlink компаниясына өлкө боюнча маалыматтарды берүү кызматына лицензия берүүгө даяр экендигин билдирди.