Соода-өнөр жай палатасы 120 адам иштеген тигүүчү цехке экспортун күчөтүүгө жардам берет

Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Альбина in vogue тигүү ишканасына барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ишканада күн сайын миңден ашык мектеп блузкалары чыгарылып, кийин Россияга экспорттолот. Цехте 120 адам эмгектенет. Бирок ишкананын негиздөөчүсү Альбина Актасова жумушчу күчүнүн жетишсиздиги көйгөйүнө туш болду. Жумуш орундары бар, бирок иштөөгө даяр адамдар жетишсиз. Учурда алар студенттерди кызыктырып, окутуп, жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүп жатышат.

Буга байланыштуу Альбина жаңы жабдууларды сатып алды жана азыр автоматташтырылган өндүрүштү орнотууну көздөп жатат. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев экспортту көбөйтүү максатында мындай ишканалардын чет өлкөлөрдөгү бизнес-форумдарга жана эл аралык көргөзмөлөргө катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындай иш-чаралар жаңы өнөктөштөрдү тартуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк берет.