«Кепилдик фонду» менен Connect4pro кызматташат

2023- жылдын 18-июлунда «Кепилдик фонд» ААК менен Connect4pro ЖЧКсы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Меморандумдун максаты жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргызстанда ишкердикти жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн тараптардын аракеттерин бириктирүү.

Кызматташуу өлкөнүн ишкердик субъекттерин колдоо боюнча чараларды ишке ашырууну, ошондой эле тараптарды маалыматтык камсыздоону камтыйт.

Эске салсак, «Кепилдик фонду» ААК өзүнүн бүткүл ишмердүүлүгүндө өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкердик субъекттерине көмөк көрсөтүп, күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда бизнестин каржылоого жетүүсүн камсыздап, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды өнүктүрүүгө артыкчылык берип келет.

Справка:

Connect4pro бул Кыргызстандагы ишкерлер үчүн бул ресурс, анда сиз стартап, бизнес же долбоор үчүн каржылоону таап, көтөрө аласыз. Платформа ошондой эле ар кандай багыттар боюнча консультациялык жардамды, техникалык колдоону, стажировкаларды жана даяр бизнес-пландардын маалымат берет.