Тамчынын аэропортунда Бакудан келген жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды

2023-жылдын 23-июлунда «Манас» эл аралык аэропортунда Бакудан биринчи үзгүлтүксүз каттам суу аркасы менен салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Азербайжандын AZAL авиакомпаниясы Баку-Бишкек-Баку багыты боюнча  үзгүлтүксүз авиакаттамдарды жумасына бир жолу -жекшемби күндөрү аткарат.

AZAL авиакаттамдарына билеттерди www.azal.az расмий сайтынан, ошондой эле авиакомпаниянын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.