«Кепилдик фонд» менен Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы кызматташуу келишимине кол коюшту

14-июлда «Кепилдик фонду» ААК КРнын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Кепилдик жана продукцияны өнүктүрүү башкармалыгынын кичи бизнес бөлүмүнүн башкы адиси Турсунай Бадырова ишкерлерге кепилдик берүүнүн критерийлери жана механизмдери тууралуу айтып берди. Презентация бардык катышкандардын кызыгуусун жана талкуусун туудурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Кепилдик фонду» ААК менен Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Документке «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Эрик Таласбаев жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев кол коюшту. Келишимге ылайык, Эми «Кепилдик фонду» ААК Ассоциациянын мүчөсү болуп саналат.

Ишкердик субъекттерине кепилдик колдоо боюнча кошумча маалыматты 0312 62 53 79; 996 (554) 17 71 05; 0556 62 53 79.

Справка:

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын айыл чарба жана агроөнөр жай комплексинин алдыңкы ишканалары тарабынан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Ассоциацияга 90дон ашык ишканалар кирет.