Үч ишкана Токтогул суу сактагычынын акваториясын иштетүүгө кызыкдар

Сынакка Токтогул суу сактагычынын акваториясынан 5 суу тилкеси коюлуп, анын ичинен 3 суу тилкесине арыздар түшкөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жалпысынан 13 юридикалык жана жеке жактар сынакка катышуу үчүн арыздарын жана документтерин тапшырышты. Критерийлердин жана баалоонун негизинде, эң жогорку упай алган төмөнкү катышуучулар сынактын жеңүүчүлөрү болуп эсептелди:

• лот 500-1-1 – Катышуучу 3, («Элнур Дан» ЖЧКсы) упайлардын саны 1118;

• лот 500-2-1 – Катышуучу 3, («Таза балык» ЖЧКсы) упайлардын саны 1075;

• лот 500-2-2 – Катышуучу 1, («Балык-чарба» ЖЧКсы) упайлардын саны 1053.