AZPROMO Кыргызстандын инвестициялык потенциалын изилдейт
Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Азербайжандын экспортту жана инвестицияларды колдоо агенттигинин аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Юсиф Абдуллаев менен жолугушту. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Курулуш, билим берүү, байланыш, коргонуу, өндүрүш, транспорт, ошондой эле топоздун этин экспорттоо сыяктуу ар кыл тармактардагы кызматташтыктын келечеги каралды.
Кыргызстанга Азербайжандан чоң бизнес-делегация келген. Делегаттардын негизги жолугушуулары ушул жылдын 26-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Бул иш-чара катышуучуларга кызматташтыктын перспективаларын талкуулоого, тажрыйба алмашууга жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык мамилелерди жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү маанилүү келишимдерди түзүүгө мыкты мүмкүнчүлүк берет.