Кыргызстандык текстилчилер Италиянын рынокторуна чыгууга кызыкдар
Кыргызстандын төрт тигүү компаниясы 2023-жылдын 11-июлунан 13-июлуна чейин Миландагы көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Бул платформа Италия рыногу менен түздөн-түз таанышууга жана өлкөбүздүн таанылышын жогорулатууга мүмкүндүк берди.
Бул сапардын алкагында биздин катышуучулар төмөнкү жерлерде болушту:
• Италиядагы кездемелер жана аксессуарлар боюнча эң ири көргөзмө Milano Unica;
• 85 жылдык тарыхы бар Canali эркектердин люкс кийимдерин чыгарган өндүрүштүк компания;
• кесүү бөлүмүн автоматташтыруу үчүн тигүү өнөр жайы үчүн инновациялык машиналарды жана жабдууларды чыгарууга адистешкен IMA Group компаниясы.
Бул сапардын жыйынтыгы жана алдын ала макулдашуулардын негизинде 2023-жылдын күз айларында Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен биздин рынок менен таанышуу максатында италиялык ишканалардын жооп кайтарган иш сапары пландаштырылууда.