CIA-Agricoltori Italiani Кыргызстандын айыл чарба продукциясын импорттого даяр

2023-жылдын 26-июлунда КРнын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын CIA-Agricoltori Italiani айыл чарба ишкерлеринин конфедерациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Италиялык тарап CIA-Agricoltori Italiani Конфедерациясы менен кыргыз тараптын ортосунда «Made in Italy» дүйнөлүк бренди менен продукцияны өндүрүүдө колдонулган эң мыкты ыкмаларды, акыркы технологияларды жана инновацияларды алмашуу аркылуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Алар андан ары Италияда кайра иштетүү максатында Кыргызстандан айыл чарба продукциясын, анын ичинде сырьену импорттоо маселесин кароого даяр экенин билдирди. Тараптар талкууланган макулдашууларды ишке ашыруу үчүн быйыл CIA жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: CIA-Agricoltori Italiani конфедерациясы 1977-жылы түзүлгөн жана Италияда 900 000ге жакын айыл чарба ишкерлери катталган. Бул Европадагы эң ири уюмдардын бири, өлкөнүн ар кайсы аймактарында, беш миң италиялык муниципалитеттерде, ошондой эле Брюсселде кеңселери бар.