«Яндекс» таксинин тарифи жөнгө салынат

«Яндекс» таксинин тарифи жөнгө салынат. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаков билдирди.

Тайлаковдун айтымында, аталган такси кызматынын тарифтери салыштырмалуу өтө кымбат экенине нааразы болгондор көп.

«Буга чейин да, эки-үч күн социалдык сегменттен, интернет тармактарынан «Яндекс» такси бааларды кескин көтөрүп жатат деген маалыматтар келген. Буга чейин да тиешелүү иштерди жүргүзүп, «Яндекстин» жетекчилери менен жолугушуп баа саясаты, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча өзүбүздүн сунуштарды бергенбиз. Азыр биз талдоо жүргүзүп жатабыз», - деди Тайлаков.

Ошондой эле Тайлаков, кечээ күнү эле аталган фирманын чет өлкөдөгү ээлери менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, жакын арада «Яндекс» таксинин тарифтери мыйзамдуу түрдө жөнгө салынарын айтты.