«Ысык-көл-2023» эл аралык экономикалык форумунда «Кыргызиндустрия» долбоорлорун тартуулады

«Өнөр жай кооперациясы жана курулуш» панелдик сессиясынын алкагында «Кыргызиндустрия» ААКнын башкармалыгы. Коомдун ишмердүүлүгү, анын жетишкендиктери жана келечеги тууралуу презентация жасады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бет ачардын жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтарынын муктаждыктары үчүн өрт өчүрүүчү машиналарды жана атайын кийимдерди чыгарган кытайлык CIMC TIANDA компаниясы кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Консультациялардын жыйынтыгы боюнча бул тармакта кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү аныкталды.

Жеке ишкер Ч.Алканов менен айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн заманбап жашылча-жемиш сактоочу жайларды куруу долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

«Ысык-Көл-2023» Эл аралык экономикалык форумуна Кытай Эл Республикасы, Азербайжан, Россия, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин бизнес өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын ишкерлери катышты.

«Кыргызиндустрия» ААКу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет элдик жана ата мекендик өнөктөштөр менен кызматташууга умтулат.